Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги өрт толугу менен өчүрүлдү

Кыска кабар | 8 Ноя 2019 | 63 | 0

Өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Бишкек шаарындагы Чүй проспектиси жана Эркиндик бульварында жайгашкан тез тамактануучу жайдан болжол менен саат 13:30дарда чыккан өрт саат 15:21де толук өчүрүлгөн.

Алдын ала маалымат боюнча өрттүн кесепетинен 9 адам жаракат алып, 2 адам жандандыруу бөлүмүндө, 3 адам ооруканага жаткырылып, 4 адам амбулатордук кароодо.

Жеринде каза болгон тез татым сатуучу жайдын кызматкеринин аты- жөнү учурда такталууда.

Өрттүн аянты болжол менен 100 чарчы метрди түздү, өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Кошумча маалымат берилет.

Copyright © 2017 Maral FM