Биз менен байланышыңыз

Ырчы Жонни: Эски муундагы бардык ырчылардын үнүндө сыйкыр бардай…   

Шыңга бойлуу, өзгөчө ысымга ээ  ырчы Жонни  «Марал шоу» программасына  келип маек куруп  берди.

-Саламатсызбы, Жонни?

-Саламатчылык.

-«Күттүм ай» деп ырдадыңыз, «күткөн» инсаныңыз келдиби анан?

-Жок таба элекмин. Ал эми «Күттүм ай» деген ыр  башымдан  өткөн сүйүүдөн улам жаралган.  Кыргызстанда  көп  көрүүчү топтогон  клиптердин бири болду.  Ютуб каналымда  бир айда  бир жарым миллион  көрүүчү топтогон. Кийинки ырлар дагы  жогорудагы  ырымдын  жолун жолдосо деген  тилек  бар.

-Бизге эмне  жаңылыктар менен келдиңиз? 

-Учурда жаңы ырлардын үстүндө иштөөдөмүн.  Жакын  арада  тасмага  тартылуу да  планда  турат. Азыркы  учурда  сценарийин окуп  жатам, бирок макулдугумду  бере элекмин.

-Кинодо кандай каармандын образын жаратсам деп кыялданасыз?

-Терс каарманды аткара албайм, анткени, ак көңүлмүн. Кинодо болсо  гитара  чертип, ырдаган өзүмдү эле  аткаргым келет.

-Шоу-бизнес чөйрөсүнө аралашып жүрөсүз, бул тармактан эмне таптыңыз?

-Угарман топтодум, көп дос таптым. Чыгармачылыктан  эргүү алып  келе  жатам.  Ырлардын  темасына  кайрыла  турган  болсок, алдыда  сүйүү, балалык, жаңы жыл  туурасында  ырларым  жарык көрөт.

-Кимдин ырларын  көп тыңдайсыз?

Мага  эски муундагы бардык ырчылардын ырлары  жагат.  Үндөрүндө бир  сыйкыр  бардай.  Ар бир  ырын  алып  ырдасаң, жүрөккө жетет.

-Спортто кандайсыз, машыгуу залына барасызбы?

-Кичинекей кезде  бокска  катышчумун, күрөшкө  да барып калдым. Футбол ойнобой, баскетболго көбүрөөк  жакынмын.

-Маегиңизге  чоң рахмат. Ийгилик каалайбыз.

Сиздерге  чоң рахмат!

Copyright © 2017 Maral FM