Биз менен байланышыңыз

Президент Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө карата «Ата-Бейитке» барды (сүрөт)

Кыска кабар | 7 Ноя 2019 | 1005 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-ноябрда, Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө карата «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине барды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева, Жогорку Кеңештин депутаттары, Өкмөт мүчөлөрү, Президенттин жана Өкмөттүн Аппарат кызматкерлери 1916-жылдагы коогалаңда курман болгондорду эскерүү Мемориалына, саясий репрессиялардын курмандыктарынын Эстелик-мемориалына жана жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мүрзөсүнө гүл коюшту.

Ошондой эле 2010-жылдын апрелинде курман болгондорду эскеришип, 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын баатырларынын Мемориалына гүл коюшту, куран окулду.

Copyright © 2017 Maral FM