Биз менен байланышыңыз

Композиторлор союзунун 80 жылдыгына арналган конференция өттү

Кыска кабар | 6 Ноя 2019 | 917 | 0

Бүгүн, 6-ноябрда Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин жыйындар залында Композиторлор союзунун 80 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция болуп өттү. Бул тууралуу аталган окуу жайдын маалымат кызматы билдирди.

Ага окуу жайдын ректору, профессор Мамашарип Чотонов, Композиторлор союзунун төрагасы Турдубек Чокиев жана бир катар Эл артисттери, Эмгек сиңирген артисттер, белгилүү композиторлор, музыка изилдөөчүлөр катышып, композиторлор союзунун тарых-таржымалы, анын ачылуусунун негизги себептери, өнүгүү тенденциялары, союздун улуттук музыкага кошкон салымы, учурдагы абалы тууралуу баяндамалар жасалып, Турдубек Чокиевге сунуштар берилди.

Иш-чаранын жүрүшүндө Композиторлор союзунун тарыхын чагылдырган чакан тасма көрсөтүлүп, студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.

Эске салсак, 11-ноябрда Асанкан Жумакматов атындагы симфониялык оркестрдин, хор жана солисттердин катышуусу менен чоң концерт тартууланат.

Кыргыз Республикасынын композиторлор союзу 1939-жылы түзүлгөн. Жаңы уюшулгандагы алгачкы мүчөлөрү болуп Абдылас Малдыбаев, Петр Шубин, Владимир Власов, Владимир Фере, Мураталы Күрөңкеев, Карамолдо Орозов, Атай Огонбаев жана Ыбрай Тумановдор эсептелишет.

Власов, Малдыбаев жана Фере жазган кыргыздын алгачкы операсы ‘’Айчүрөктүн’’ Москвада өткөн искусство жана адабият декадасында көрсөтүлгөнүнө да 80 жыл толот. Кыргыздын классикасына айланган ‘’Айчүрөк’’, ‘’Манас’’ жана ‘’Токтогул’’ опералары да ушул үчилтиктин калемине таандык.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM