Биз менен байланышыңыз

Президент: Турдакун Усубалиевдин ысымы Бишкектин бир районуна берилет

Кыска кабар | 6 Ноя 2019 | 610 | 1

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесине арналган өтүп жаткан салтанаттуу иш-чара өтүп, ага президент Сооронбай Жээнбеков катышты.

Мамлекет башчысы коомдук ишмер Турдакун Усубалиев өлкөнү башкарган 1961-85–жылдар — Кыргызстандын тарыхында өчпөс тамгалар менен жазылып калган, „алтын доор“ болгонун белгиледи.

Өлкөбүздүн экономикалык гана эмес, кеңири масштабдуу өнүгүүсүнүн өзгөчө доору болгон деп бааласак жарашат. Бул — абдан сейрек кездешчү, уникалдуу тарых десек болот”, — деди мамлекет башчысы.

Президент сөзү куру болбош үчүн айрым фактыларды келтирип өттү.

Аталган мезгилде республикабызда өнөр жай тармагы калыптанды, гидроэлектростанциялар, заводдор, фабрикалар, жеӊил өнөр жай ишканалары курулду. Жалпы Борбордук Азияга мааниси чоң — Токтогул ГЭСи, Күрпсай, Ташкөмүр, Шамалдысай, Үч-Коргон ГЭСтери пайдаланууга берилди. Республиканын территориялык бүтүндүгүнө таасири чоң — Ош-Фрунзе жолунун курулушу аяктады”, — деди президент.

Турдакун Усубалиев Кыргызстанды агрардык өлкөдөн чыныгы агрардык-индустриялык өлкөгө айлантуу үчүн жан аябай күрөшүп келген. Аны ишке ашырганы белгиленип, мунун далили катары Сооронбай Жээнбеков 80-жылдары Кыргызстан дүйнөнүн 53 мамлекетине ар кандай өнөр жай продукциясын экспорттоп турганын айта кетти.

Өлкө башчысы коомдук ишмер Турдакун Усубалиев эгемен Кыргызстанда парламентаризмди өнүктүрүүгө да чоң салым кошконунуна токтолду. Ал 1995-жылдан тартып эки жолу Жогорку Кеӊештин депутаттыгына шайланып, эгемен Кыргызстандын тарыхындагы эӊ маанилүү чечимдердин кабыл алынышына себепкер болгонун белгиледи.

“Улуу инсаныбыздын ысымын ыйгаруу боюнча мыйзамда белгиленген беш жылдык мөөнөт жакында аяктайт. Усубалиев өзү курган Күрпсай ГЭСине анын аты берилди. Мындан тышкары, Турдакун Усубалиевич өзү майрамдык параддарды кабыл алып жүргөн Өкмөт үйүнүн алдындагы Эски Аянтка жана Бишкек шаарынын райондорунун бирине анын ысымын ыйгарсак — туура иш болот деп ойлойм”, — дейт мамлекет башчысы.

Турдакун Усубалиев — кыргыз мамлекетинин өзгөчө доорунун, жарк этип, тез өнүккөн тарыхый мезгилинин лидери”, — деп сөзүн улаган өлкө башчысы улутубуздун улуу инсаны — жыйырманчы кылымдагы эӊ ири мамлекеттик жана саясий жетекчилердин бири катары тарыхта каларын баса белгилеп кетти.

Copyright © 2017 Maral FM