Биз менен байланышыңыз

Улуттук банк жаңы үлгүдөгү монеталарды жүгүртүүгө чыгарды

Кыска кабар | 5 Ноя 2019 | 536 | 0

Улуттук банк бүгүндөн тартып «Кыргыз каганатынын доору» сериясынан бир катар коллекциялык жез-никель монетасын жүгүртүүгө чыгарды. Бул тууралуу башкы банктын маалымат кызматы кабарлады.

Анда айтылгандай, «Тиричилик буюмдары: Кыргыз кумурасы», «Тиричилик буюмдары: Кыргыз кийими, зер буюмдары» күмүш коллекциялык монеталарын жана ошондой эле «Тиричилик буюмдары: Кыргыз кийими, зер буюмдары» коллекциялык жез-никель монетасын жүгүртүүгө чыкты.

«Кыргыз каганатынын доору» сериясынын коллекциялык монеталары кыргыз элинин маданий баалуулуктарын жана рухий дөөлөттөрүн даңазалоо жана жайылтуу максатында чыгарылган. Монеталар улуттук оймолор, түстүү ыкмадагы оюулар менен кооздолгон. Металлдын сапаты, монетанын салмагы көрсөтүлгөн.

Күмүш монета акрил капсуласына жайгаштырылып, сапатты тастыктаган сертификат менен өзүнчө кутучага таңгакталган.

Жез-никель монета акрил капсуласына жайгаштырылган жана чөнөктүү таңылчактарга салынган.

Copyright © 2017 Maral FM