Көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин туулган күнүнүн 100 жылдык юбилейинин алкагында Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети атайын почта маркаларын чыгарды. Бул тууралуу аталган комитеттин маалымат кызматы билдирди.
Эске салсак, президент Сооронбай Жээнбеков белгилүү коомдук ишмердин 100 жылдыгын белгилөө боюнча жарлыкка кол койгон. Бүгүнкү күндө уюштуруу комитети тарабынан иш-чаралар планын ишке ашыруу иштери жүрүп жатат, ал бир катар инфратүзүмдөрдү жана социалдык объекттерди реконструкциялоо жана курууну камтыган 18 пункттан турат.
Манас Казбекрвич
05.11.2019 18:42
Усубалиев Кыргызстан учун еч кандай пайда келтирбеген завод Фабрика,окуу жайларды Исхак Разаковдун убагында болгон Усубалиев орустардын куурчагы болуп отуруп отуп кетти,Разаковдун туулган кунун еч ким ескербейт емне учун? Ал Туштуктун адамы болгон учун, Разаковдой болуп иштегенде жерге койбой мактай бермек