Биз менен байланышыңыз

Президент Жээнбеков Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына даярдыкты текшерди

Кыска кабар | 13 Авг 2019 | 495 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү менен кеңешме өткөрдү.

Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Мамлекет башчысы Турдакун Усубалиевдин өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө болгон өзгөчө салымын белгиледи.

«Турдакун Усубалиев өлкөнү жетектеген чейрек кылымдын ичинде Кыргызстанда көп өзгөрүүлөр болгон, агрардык өлкөдөн биз индустриалдык өлкөгө айландык. Өзгөрүүлөр экономика, маданият жана жашоонун бардык тармактарында болду. Ошондой эле анын өзгөчө жетишкендиги катары миңдеген сугат жерлерин өздөштүрүүнү атаса болот, ал мелиорация жана ирригацияга чоң көңүл бурган», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Президент коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин жашоосу жана эмгек жолу ал үчүн жана бардык мамлекеттик кызматкерлер үчүн үлгү экенин билдирип, мааракелик иш-чараларды эң жогорку деңгээлде өткөрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Турдакун Усубалиевдин небереси — Эрмек Усубалиев жана уюштуруу комитетинин мүчөсү Шамшыбек Медетбеков Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесин өткөрүү демилгеси жана колдоосу учүн президентке ыраазычылык билдиришти.

Эрмек Усубалиев бардык иш-чаралар анын чоң атасынын стилинде — жөнөкөй жана ашыкча шаан-шөкөтсүз өткөрүү өтүнүчүн билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM