Биз менен байланышыңыз

5-ноябрда аба ырайы кескин өзгөрөт

Кыска кабар | 4 Ноя 2019 | 575 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 5-ноябрда аба ырайы кескин өзгөрүп, көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарында жаан карга айланышы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда

түнкүсүн: -2….3… күндүз: 3…..5C;

Талас облусунда

түнкүсүн: -2…..3….күндүз: 1…..6°C;

Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында

түнкүсүн: 0…..5….күндүз: 6…..11°C

Ысык-Көл облусунда

түнкүсүн: 0…..-5….күндүз: -1……4°C;

Нарын облусунда

түнкүсүн: -1….-6…..күндүз: -1…..4°C;

5-ноябрда Бишкекте күндүз жаан жаашы күтүлөт, түнкүсүн күн ачык болот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы күндүз 3……5°C, түнкүсүн 0..… 2°C.

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM