Биз менен байланышыңыз

ФИФА кыргыз күйөрмандын оюн талаасына чыгып кеткен бейбаштыгын карайт

Кыска кабар , Спорт | 4 Ноя 2019 | 1241 | 0

Бүгүн, 4-ноябрда Бүткүл дүйнөлүк футбол уюмунун (ФИФА) тартип комитети Кыргызстан — Мьянма беттешинде оюн талаасына күйөрмандын чыгып кеткени боюнча маселени карап, жыйынтык чыгарат. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол федерациясынан билдирди.

Кыргызстандын футбол федерациясынын президенти Канатбек Маматов буга чейин “Маралга” комментарий берип, ФИФАнын комитети акчалай айып салышы мүмкүн экенин билдирген.

Болжол менен 20 миңден 30 миң долларга чейин айып пул салышы мүмкүн. Анткени буга чейин тандоо турунда Австралия менен беттеште да дал ушундай окуя болгондо Кыргызстандын футбол федерациясы 28 миң доллар айып төлөгөн. ФИФА мындай учурда эч качан кечирбейт. Керек болсо Япония менен беттешти күйөрмансыз өткөрүп коё турган чечим да чыгарып коюшу ыктымал”, — деди Канатбек Маматов.

Эске сала кетсек, 2022-дүйнө чемпионатына тандоо турунда 10-октябрда Кыргызстандын курамасы Мьянманы кабыл алып, 7:0 эсебинде уткан.

Беттештин акыркы мүнөттөрүндө бир күйөрман футбол талаасына чыгып кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM