Биз менен байланышыңыз

Жашоо минимумунун көлөмү 4 %га өстү

Кыска кабар | 3 Ноя 2019 | 442 | 0

Ушул жылдын III кварталында жашоо минимумунун көлөмү 4 839,05 сомду түзүп, өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 4 %га, ал эми үстүбүздөгү жылдын II кварталына карата 2,1 %га өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Жашоо минимумунун нарктык өлчөмүн өлкөнүн региондору боюнча карасак, эң жогорку нарктык өлчөм Жалал-Абадда, эң төмөнкүсү Талас облусунда байкалды.

Жашоо минимумунун нарктык өлчөмүн эсептөө Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-майындагы №170 «Кепилденген мамлекеттик минималдык социалдык стандарттар жөнүндө» мыйзамына жана Өкмөттүн 2009-жылдын 6-ноябрындагы №694 «Кыргыз Республикасынын калкынын негизги социалдык-демографиялык топтору үчүн жашоо минимумунун түзүмүн бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык жүргүзүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM