Биз менен байланышыңыз

9 айда 105,9 млрд сом өлчөмүндө кредиттер берилди

Кыска кабар | 5 Дек 2019 | 428 | 0

Кыргызстанда 9 айда  25 коммерциялык банк жана 587 банктык эмес финансылык-кредиттик уюм (БФКУ) иш жүргүздү.  Алар тарабынан 9 айда 105,9 млрд. сом суммасында кредиттер берилди, анын ичинде коммерциялык банктар тарабынан — 81,8 млрд. сом жана банктык эмес финансылык-кредиттик уюмдар тарабынан — 24,1 млрд сом берилди. Кредит берүүнүн негизги багыттары соода чөйрөсү, айыл чарбасы жана керектөө муктаждыктары болду. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалымат кызматы билдирди.

Банктын кредиттик салымдарынын басымдуу көлөмү соода чөйрөсү (26,1 %ы) жана айыл чарбасы (19,3 %ы)  кредиттерине  туура келди. Керектөө муктаждыктарына кредиттик портфелинин 11,1 %ы, ипотека максаттарына – 10,1 5%ы, курулушка – 9,4 5%ы жана өнөр жайга – 8,2 %ы багытталды.

Банктык эмес финансылык-кредиттик уюмунун кредиттик салымдары 1-октябрга карата 22,4 млрд сомду түздү. Алардын негизги көлөмү айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө кредит  берүүгө (27,7 %), керектөө кредиттерине (27,4%), соода чөйрөсүнө (13,1%) жана курулушка (10,3%) туура келди.

Банк секторунда, ошондой эле БФКУдагы бир жылдан ашык мөөнөттөгү узак мөөнөттүү кредит берүү талап кылынат. Банк сегментинде мындай кредиттердин үлүшү жалпы кредиттердин суммасынын 90,5%ын, финансылык-кредиттик уюм секторунда — 62,1 %ды түздү.

Жалпы банктардын кредиттеринин көлөмүндө жеке адамдарга кредит берүү үлүшү 48,7 %ын  башкача айтканда, 69,8 млрд. сомду түздү, ал эми банктык эмес финансылык-кредиттик уюму секторунда – 93,5 %ын башкача айтканда 20,9 млрд сом, бул алардын кредиттеринин жеткиликтүү болушу менен жана БФКУ секторунун калкты тейлөө багытын көрсөтөт.

 

Copyright © 2017 Maral FM