Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан КМШ боюнча жашоо минимуму эң төмөн өлкө болуп чыкты

Кыска кабар | 19 Янв 2020 | 1799 | 1

2019-жылда жашоо минимумунун көлөмү жан башына 4 806 сомду түзүп, 2018-жылга салыштырганда 0,3 % өстү. Жашоо минимумунун нарктык өлчөмүн өлкөнүн региондору боюнча карасак, эң жогорку нарктык өлчөм Жалал-Абад облусунда 5 175 сом, эң төмөнкү көрсөткүч Талас облусунда 4 310 сом болуп байкалды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалымат кызматы билдирди.

Жашоо минимумунун азык-түлүк баштыгынын курамы тамак-аш азыктарынын 32 аталышын камтыйт, алардын керектөөчүлүк ченемдери калктын ар бир социалдык-демографиялык топтору үчүн жекече иштелип чыкты.

Азык-түлүк баштыгынын энергетикалык баалуулугу орточо 2101 ккал түзөт, ал эми  анын химиялык курамы 73 гр. белокту жана 71 гр. майды камтыйт.

КМШ өлкөлөрүнүн официалдык сайттарында жайгаштырылган ыкчам маалыматтарга ылайык, Жашоо минимумунун эң жогорку мааниси Орусияда, эн төмөнкүсү Кыргызстанда байкалды.

1 пикир

1 пикир

  1. Ыманкул

    19.01.2020 16:54

    Бир дагы партия убадасын аткарган жок. Мамлекетти карызга батырышкандан башка иштери жок. Накта чимкириктер экендиктерин аныкташты.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM