Биз менен байланышыңыз

2,5 жылда кыргыз-өзбек соода жүгүртүүсү дээрлик 9 эсеге өстү 

Кыска кабар | 2 Ноя 2019 | 451 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ташкент шаарына болгон иш сапарында Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов менен жолукту. Тараптар ар кыл чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү жана бекемдөө маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу Өкмөт аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Арипов жолугушуу жана сүйлөшүүлөрдүн динамикасы өз жыйынтыктарын берип жатканын белгиледи.

«Мамлекет башчыларыбыздын ортосундагы ишенимдүү мамилелер жана орногон достук алака коңшу өлкөлөрдүн ортосунда өз ара аракеттешүү тарыхынын жаңы барагын ачты. Бул оң учурлардын бардыгы боордош элдерибиздин ортосундагы достукту бекемдейт», – деди Арипов.

Ал эми Абылгазиев кыргыз тарап Өзбекстанстан менен кызматташууга өзгөчө маани берерин белгилеп, акыркы 2,5 жылда эки өлкө ортосунда товар жүгүртүү бир нече багыт боюнча үч эсе, ал эми башка товардык номенклатуралар боюнча 10 эсе өскөнүн билдирди.

«Эки мамлекеттин президенттеринин саясий эрки биздин экономикалык жана маданий байланыштарыбызды бекемдеп, эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда интенсивдүү алакаларды өнүктүрөт», – деди Абылгазиев.

Маалыматка ылайык, 2016-жылы Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар жүгүртүү 50 млн АКШ долларын түздү. 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча соода жүгүртүү, өзбек тараптын статистикасына ылайык, 446 млн АКШ долларын түзгөн.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-өзбек мамилелеринин бардык багыттары боюнча эки жактуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде чек ара маселелеринде кызматташуу жана соода-экономикалык байланыштарды мындан ары карай активдештирүүгө тийиштүү маселелер талкууланды.

Copyright © 2017 Maral FM