Биз менен байланышыңыз

Кол күрөш боюнча дүйнө биринчилигинде Кыргызстан 4 медаль утту

Кыска кабар , Спорт | 1 Ноя 2019 | 678 | 0

Кыргызстандын спортчулары Румынияда өтүп жаткан кол күрөш боюнча дүйнө биринчилигинде 4 медаль утту. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеш Румыниянын Констанца шаарында 26-октябрда башталып, 4-ноябрга чейин уланат.

Кол күрөш боюнча 41-дүйнө биринчилигинде жана мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында 22-дүйнө биринчилигинде Кыргызстандын атынан 17 спортчу катышууда.

Жаштар арасында 45, 50, 60, 65 кг жана чоңдор арасында 90 кг жогорку салмактагылар күч сынашууда. Ал эми, мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында 60, 65, 70, 85 жана 100 кг салмактагы спортчулар биринчи орун үчүн тирешүүдө.

Жибек Каратаева 50 кг чейинки салмакта оң кол боюнча күрөштө дүйнө чемпиону аталды. Ал эми сол колдо күрөшүп, күмүш байгени жеңди.

Мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында Нурбек Алиев 60 кг чейинки салмакта сол кол боюнча күрөштө күмүш медалды тагында.

Ошондой эле Өткүр Асхат уулу  60 кг чейинки салмакта сол кол боюнча күрөштө күмүш медалга татыды.

Copyright © 2017 Maral FM