Биз менен байланышыңыз

Румынияда коронавирусту дарылаган оорукана өрттөнүп, 10 адам каза тапты

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Ноя 2020 | 547 | 0

Румыниянын Пиатра-Нямц шаарындагы COVID-19 менен ооруган адамдар дарыланган ооруканада өрт чыгып, анын кесепетинен 10 адам каза болду. Андан сырткары, дагы 10 адам жаракат алган, анын ичинен 7 бейтап оор абалда. Бул тууралуу «Евроньюс» жазды.

Нөөмөттө турган дарыгер бейтаптарды өрттөн куткарууга аракет кылып, денесинин 40 пайызын күйгүзүп алган. Румыниянын ооруканаларында оор күйүк алган бейтаптарды дарылоого медициналык мүмкүнчүлүктөр жетишсиз болгондуктан, жабыркагандар Брюсселдеги Астрид ханышасынын аскердик госпиталына жаткырылды. Жеңил жаракат алгандар Румыниянын Яссы шаарына жеткирилген.

Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги өрт электр тогунун туташуусунан улам келип чыкканын айтууда. Өрт толугу менен өчүрүлдү. Кырсыкка байланыштуу Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду.

Румыниянын президенти Клаус Иоханнис жана православдык патриарх Даниел курман болгондордун жакындарына көңүл айтты.

Copyright © 2017 Maral FM