Биз менен байланышыңыз

Президент милиция кызматкерлерине дагы кандай шарт түзүлөрүн айтты

Кыска кабар | 1 Ноя 2019 | 399 | 0

Мамлекет милициянын ишине ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн мүмкүн болгон бардык аракеттер жасап жатат. Мындай сөздү өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков Кыргыз милициясынын 95 жылдыгына арналган салтанатта сөз сүйлөп жатып айтты.

Президент милиция кызматкерлери үчүн республиканын бардык аймактарында көп кабаттуу турак-жайларды куруу иштери улантыларын убада кылды. Келээрки жылы Бишкек, Ош шаарларында жана Нарын облусунда жайгашкан алты үйдүн курулушу аяктайт. Милиционерлерге 516 жаңы батирлер берилет.

Материалдык-техникалык база оңолот — оргтехника, атайын техника менен камсыздоо жакшыртылат. 2020-жылдын 1-январынан тартып жалпы ички иштер органдарынын кызматкерлеринин, өзгөчө ылдыйкы звенодогу кызматкерлердин айлыгы бир кыйла көбөйтүлөт.

Ошону менен бирге, биз сиздерден өлкөдөгү мыйзамдуулукту жана туруктуулукту камсыз кылууга багытталган натыйжалуу жыйынтыктарды талап кылабыз”, — деди өлкө башчысы.

Алдыга коюлган милдеттердин эң негизгиси — элдин тынч жашоосун камсыз кылуу, коомдо бекем тартипти орнотуу экенин президент дагы бир ирет белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM