Биз менен байланышыңыз

Сооронбай Жээнбеков: Милиция — жоопкерчиликтүү иш, эл ишеним арткан кесип

Кыска кабар | 1 Ноя 2019 | 388 | 0

Ушу тапта Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында кыргыз милициясынын түзүлгөнүнө 95 жылдыгы белгиленип жатат.

Буга байланышкан салтанаттуу иш чарага президент Сооронбай Жээнбековдун катышып, сөз сүйлөп жатат.

Жеринен кабарчыбыз билдиргендей, Кыргызстанда милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту сактап, аны менен катар коррупция, баңгизаттарды жана курал-жарактарды мыйзамсыз алып жүрүү менен күрөшүп, оор кылмыштардын бетин ачуу, коопсуздукту камсыз кылуу иштерин алып барууда жакшы иштерди алып барып жатканын президент Сооронбай Жээнбеков белгиледи.

Милиция жоопкерчиликтүү иш, эл ишеним арткан кесип. Ошондуктан милиция зор жоопкерчилик менен иштөөгө тийиш”, —  деди президент.

Мамлекет милициянын ишин, турмуш шартын жакшыртуу максатында ар тараптуу аракеттерди көрүүдө, турак жайлар курулуп, маяналарын жогорулатылып жатканын өлкө башчысы сөзүндө белгилеп кетти.

Кыргыз милициясы Кара-кыргыз автономиялуу облусунун революциялык комитетинин чечиминин негизинде 1924-жылдын 1-ноябрында түзүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM