Биз менен байланышыңыз

Айпери Медет кызы U23 дүйнө чемпионатынын коло байгесин утту (видео)

Кыска кабар , Спорт | 1 Ноя 2019 | 669 | 0

Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы 23 жашка чейинкилер арасында Дүйнө чемпионатынын коло байгесин утту. Коло байге үчүн беттеште ал монгол кызы Хонгорзул Болдсайхан менен беттешип, 12:8 эсебинде жеңип алды.

Жарым финалдык күрөштө кыргыз балбан кызы япониялык Юка Кагами менен кармашып, упай айырмасында жеңишти алдырып койгон болчу.

76 кило салмакта күрөшкөн Айпери чейрек финалда Канадалык Греслин Дуганды, ага чейинки баскычта италиялык Энрика Ринальди’ни уткан болчу.

Спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча U23 дүйнө чемпионаты Венгриянын борбору Будапешт шаарында өтүп жатат.

Бул мелдешке Кыргызстандан үч балбан кыз келген. 59 кило салмакта күрөшкөн Назира Марсбек кызы чейрек финалда жеңилип, мелдештен четтеп калды. Ал эми 57 кило салмакта Нураидан Анаркулова квалификациялык этапта утулган.

Copyright © 2017 Maral FM