Биз менен байланышыңыз

1-ноябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 31 Окт 2019 | 338 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 1-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан, ал эми тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт. Ысык-Көл, Нарын облустарында күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда

түнкүсүн: 4….9… күндүз: 14…..19°C;

Талас облусунда

түнкүсүн: 2….7….күндүз: 14…..19°C;

Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында

түнкүсүн: 6…..11….күндүз: 15…..20°C;

Ысык-Көл облусунда

түнкүсүн: -1…..4….күндүз: 12……17°C;

Нарын облусунда

түнкүсүн: -2….3…..күндүз: 11…..16°C;

1-ноябрда Бишкекте жаан чачын күтүлбөйт, күн ачык болот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы күндүз 16……18°C, түнкүсүн 6..… 8°C.

 

Copyright © 2017 Maral FM