Биз менен байланышыңыз

Сот менен милиция биргеликте пара талап кылганга шектелип кармалды

Кыска кабар | 31 Окт 2019 | 681 | 0

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык соту менен шаардык милициянын башчысынын орун басары пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) коомчулук менен байланыш бөлүмү кабарлады.

Кечээ, 30-октябрда Кара-Көл шаардык соту Ы.П. жана шаардык ИИБ башчысынын орун басары, милициянын капитаны Б.М. мурда талап кылынан 30 миң сом паранын 20 миң сомун алып жатканда колго түшкөн. Шектүүлөрдү УКМК менен Ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматы биргеликте кармашкан.

Маалым болгондой, шектелип кармалгандар И.Ф. аттуу жаранга байланыштуу кылмыш ишинде анын пайдасына өкүм чыгарып берүү үчүн 100 миң сом пара талап кылышкан. Мындан тышкары эркиндигинен ажыратпаган бөгөт чарасы үчүн сот органдарына 30 миң сом пара берүүгө аргасыз болгон. Сотко чейинки өндүрүштүн матералдары УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренисинин 2-бөлүмүнүн 2-п. (Опузалап пара алуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Милиция капитаны Б.М. шаардын соту Ы.П. менен сүйлөшүп алып, ортомчу катары оң өкүм кабыл алуу үчүн пара алууда сүйөшүүлөрдү жүргүзгөн.

УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы учурда бул факты боюнча тиешелүү тергөө иштерин жүргүзүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM