Биз менен байланышыңыз

Күрөш: Айпери Медет кызы U23 Дүйнө чемпионатынын коло байгеси үчүн күрөшөт

Кыска кабар | 31 Окт 2019 | 660 | 0

Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы U23 Дүйнө чемпионатынын коло байгеси үчүн күрөшөт. Көңүл жубатуучу беттеште украиналык Анастасия Шустова менен монголиялык Ариунжаргал Ганбат’тын жеңүүчүсү Айпери менен коло байге үчүн таймашат.

76 кило салмакта күрөшкөн Айпери чейрек финалда Канадалык Греслин Дуганды, ага чейинки баскычта италиялык Энрика Ринальди’ни уткан болчу.

Спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча U23 дүйнө чемпионаты Венгриянын борбору Будапешт шаарында өтүп жатат. Мелдештин кыздар күрөшү кечээ, 30-октябрда башталган.

Бул мелдешке Кыргызстандан үч балбан кыз келген. 59 кило салмакта күрөшкөн Назира Марсбек кызы чейрек финалда жеңилип, мелдештен четтеп калды.

Ал эми 57 кило салмакта бүгүн Нураидан Анаркулова килемге чыгат. Ал квалификациялык этапта монгол кызы Хонгорзул Болдсайхан менен беттешет.

Copyright © 2017 Maral FM