Биз менен байланышыңыз

Жактоочулар: ЖЭБдеги коррупция боюнча сот мыйзам бузуулар менен өтүп жатат

Саясат | 29 Окт 2019 | 581 | 0

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо иши боюнча 28-октябрда кезектеги соттук отурум болуп өттү. Бул отурумга мурдагы премьер-министр Сапар Исаков күч менен алып келинген. Исаковдун жактоочулары бул кадамды мыйзам бузуу деп аташты. Мындан улам бүгүн, 29-октябрда бир катар жактоочулар “Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоо долбоорундагы коррупция фактысы боюнча өтүп жаткан соттук отурумдарда мыйзам бузуулар болуп жатат” деп маалымат жыйын өткөрүштү. 

 

Бишкек жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш иши мурунку премьер-министр Сапар Исаковду куугунтуктоо максатын көздөйт. Мындай пикирин юрист Нурбек Токтакунов маалымат жыйында айтты. Ал белгилегендей, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча келишим түзүү мыйзам чегинде болгон жана келишим түзүүгө Жогорку Кеңеш өзү урускат берген жана колдогон.

-Көйгөй Кытайдын кыска убакытта берген насыясында болуп жатат. Кытайдын элчилигинен Өкмөткө ТВЕА менен гана келишим түзүлөт, же кредит бербейбиз деген мааниде 5-6 кат түшкөн. Ошон үчүн эки тарап макулдашып, келишим түзүлгөн. Бул коррупция беренеси боюнча тагылган айыптар —  саясий куугунтукка багытталган. Экспертизанын жыйынтыгына ылайык, 111 миллион доллар зыян келтирилгендиги айтылууда. Бирок экспертизада жабдыктарды ишке киргизүүгө, персоналды окутууга кеткен каражаттар жана коюлган жабдыктарга берилген кепилдиктер эске алынган эмес. Эксперттердин бурмаланган жыйынтыгынан башка расмий бир да далил жок. Биз экспертизаны чет элдик адистер жүргүзүүсүн талап кылдык. Бирок сот ага каражаттын жоктугун жүйө келтирүүдө. Жалпылап айтканда, ар бир соттук отурум одоно мыйзам бузуу менен өтүп жатат.

Жактоочулар негизги күбөлөр Хафизов жана Асанов отурумга себепсиз келбей жатканына да токтолушту. Маалыматка ылайык, аларга үч ирет чакыруу жөнөтүлгөн жана аларды алып келүүгө токтом да чыккан. Бирок Хафизов менен Асановду күч менен алып келүү каралбай, Сапар Исаковго карата гана токтом аткарылгандыгын анын жактоочусу Замир Жоошев маалымдап, соттун мамилеси эки тарапка бирдей болбой жатканын белгиледи.

Мындан сырткары, Жоошев Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттиктин мурдагы жетекчисинин орун басары, адвокат Алексей Елисеев ЖЭБдеги коррупция боюнча айыпталып жаткандардын арасында күнөөлүүлөр жок экендиги боюнча айрым ЖМКларга маек бергенин айтты. Бирок сот Елисеевдин айткандарын ишке тиркөөдөн баш тарткан.

-Елисеевдин көрсөтмөсүндө “бул адамдар кылмыш жасады” деген жери жок. Обьективдүү сот болсо, Елисеевди жок дегенде сурап койгонго кызыкдар болот эле. Мен «Эки сайтка чыккан маалыматты ишке тиркеңиз, Латвияга кошумча өзүбүз суроолорду жиберели”, —  деп өтүнүч келтирдим. Эки өтүнүчтү тең сот четке какты. Мындан сырткары, айыптоочу тарап “Елиссевдин бул ишке эч кандай тиешеси жок, ал эч нерсени билиши мүмкүн эмес” деп айтып жатат. Анда эмне үчүн “анын протоколун, сурагын жарыялайбыз” деп жатышат? Бул деген эки жүздүүлүккө жатат го, менин оюмча.

Айбек Калиевдин жактоочусу Майрамбек Жумабеков да сот бир тараптуу жүрүп жаткандыгын белгиледи. Муну менен катар адвокат айыпталуучулардын ишке катыштыгы бар экендиги боюнча бир да так далил жок экенине токтолду.

Модернизация 2013-жылы болсо, 2016-жылдын нормативдерин колдонуу туура эмес. Экспертизанын жүрүүсүндө айыптоочу жана айыпталуучулар толук катышуусу керек. Кайсы бир эксперттин изилдөө жүргүзүүсүнө эки тарап тең макул болуусу зарыл. Бирок бул иште андай болгон жок. Күбөлөр да соттук отурумга катышуусу зарыл. Күбөлөрдү сурабай туруп, кантип коррупция боюнча айып тагуу мүмкүн?

Ал эми УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн мурунку жетекчиси Максат Мамытканов “Маралга” берген маегинде: “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо иши боюнча соттун аракеттеринде мыйзам бузуу болуп жатат деп айтуу туура эмес”, — деген оюн айтты. Буга кошумча ал, Алексей Елисеев бул көрсөтмөсү менен саясий оюнга түртүү максатын көздөп жаткандыгын айтып өттү.

Алексей Елисеевдин айткан сөздөрүн саясатка байланыштырбоо керек. Тергөө жаңы башталып, изилдөө жүрүп жатканда анын сөздөрү таптакыр башка болчу. Ал эми азыр “бул жерде күнөөлүүлөр жок” дегени менен азыркы бийликти саясий оюндарга түртүп жатат. Жагдай кандай гана болбосун, Елисеевдин сөздөрү бийликке каршы көрсөтүлгөндөй болууда. Ага тергөөгө жардам берүүнүн да кажети жок болчу.

Кошумчалай кетсек, Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттиктин мурдагы жетекчисинин орун басары Алексей Елисеев Латвиядан берген көрсөтмөсүндө ЖЭБди модернизациялоо $150 миллион доллардан ашпай турганын айткан. Бирок кийинчерээк анын көрсөтмөсү мурунку өкмөт башчы Сапар Исаковго каршы колдонулуп жатканына нааразылыгын айтып чыккан.  Ошондой эле, ал “Бишкек ЖЭБине байланыштуу ишке Сапар Исаков баш болгон жетекчилердин тиешеси жок” экенин белгилеген.

Copyright © 2017 Maral FM