Биз менен байланышыңыз

Токаев: Алматы кылмыштуулук боюнча өлкөдө биринчи орунда турат

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Окт 2019 | 559 | 0

Казакстанда кылмыштуулук боюнча Алматы шаары биринчиликти ээлейт. Бул тууралуу өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев Алматы шаарын өнүктүрүү маселелери боюнча жыйында билдирди. Анда өлкө башчысы коомдук коопсуздук тууралуу көйгөйлөргө токтолду.

— Тилекке каршы, өлкөдө Алматы шаары кылмыштуулук боюнча тизменин башында турат. Ал эми кылмыштын көпчүлүгүн уурулук жана бейбаштык сыяктуу майда мыйзам бузуулар түзөт. Булардын саны өскөндүктөн, шаардыктарга мындай кылмыштуулук кадыресе көрүнүш катары кабыл алынууда. Бул шаар тургундарын түйшөлткөн башкы маселе болууда,— деди Токаев.

Copyright © 2017 Maral FM