Биз менен байланышыңыз

2020-жылы парламенттик жана жергиликтүү шайлоолорго 828 млн. сом бөлүнөт

Кыска кабар | 29 Окт 2019 | 533 | 0

Финансы министрлиги 2020-жылдагы бюджеттен парламенттик жана жергиликтүү шайлоолорго 828 млн. сом бөлөт. Бул тууралуу министр Бактыгүл Жээнбаева бүгүн конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик курулуш, сот-укуктук маселелер жана регламент комитетинин отурумунда айтты.

Министр ошондой эле, Бишкекте патрулдук милиция кызматын түзүү боюнча пилоттук долбоорду киргизүүгө 184 млн. сом бөлүнгөнүн билдирди. Аймактарды өнүктүрүүгө 2 млрд., ал эми “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырууга 2,1 млрд. сом бөлүнөөрү айтылды. Мындан сырткары Улуттук статистика комитети тарабынан жүргүзүлүүчү эл каттоого 239 млн. сом берилери маалым болду.

Copyright © 2017 Maral FM