Биз менен байланышыңыз

Күч түзүмдөрүнүн бюджети боюнча маалымат комитетте жабык жыйында каралууда

Кыска кабар | 29 Окт 2019 | 442 | 0

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коопсуздук жана коргонуу боюнча комитети 2020-жылдагы бюджетте күч органдарына бөлүнгөн каражат боюнча маалыматты жабык жыйында карап жатат.

Бул демилгени Ата Мекенчи депутат Каныбек Иманалиев көтөрүп чыгып, ал комитетте колдоо тапты.

Күч түзүмдөрүнө бөлүнгөн каражат бардык эле мамлекеттерде жабык жыйында каралат”, — деген депутат журналисттерди жыйындан чыгуусун өтүнгөн.

Copyright © 2017 Maral FM