Биз менен байланышыңыз

4-ноябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 28 Окт 2019 | 607 | 0

29-октябрда түнкүсүн Ош, Ысык-Көл облустарынын  тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 29-октябрда күндүз жана 30-октябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

 30-октябрда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Калган облустарда  жаан-чачын болбойт.

31-октябрда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаайт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 31-октябрда, күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, ал эми өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт. 

1-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 1-ноябрда күндүз жана 2-ноябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан, ал эми тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт. Ысык-Көл, Нарын облустарында күн ачык болот.

 2-ноябрда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.  

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

3-ноябрда кээ бир райондордо, 4-ноябрда көпчүлүк аймактарда жаан-чачын болуп, абанын температурасы төмөндөйт.

Copyright © 2017 Maral FM