Кытайда кечээ, түштөн кийин очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын cейсмология институту билдирди.
Кытайдагы силкинүүнүн эпкини Ысык-Көл облусуна жеткен. Облустун Жети-Өгүз районунун Бедел айылында жер титирөө 2,5 баллга чейин сезилген. Андан жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.