Биз менен байланышыңыз

Сапар Исаков сотко күч менен алынып келинди

Кыска кабар | 28 Окт 2019 | 1929 | 1

Бүгүн, 28-октябрда мурдагы премьер-министр Сапар Исаков сотко күч менен алып келинди. Бул тууралуу журналисттерге жактоочу Замир Жоошев билдирди.

Сапар Исаков сотко күч менен алып келинди. Бул мыйзамды бузуу менен жасалган иш-аракет. Себеби мыйзамга ылайык, соттун мажбурлоо түрүндө адамды сотко алып келүү токтому сот кызматкерлери тарабынан аткарылат. Ал эми Сапар Исаковду УКМКнын кызматкерлери күч менен алып келиши мыйзамга туура келбейт. Бүгүнкү күндө Сапар Исаков эле эмес, бул иште айыпталып жаткандар сот отурумуна катышуудан баш тартып жатышат. Анткени бул иште эң башкы эки күбө суралбай жатат. Алар сотко келүү боюнча үч жолу кат алышса да, келбей жатышат. Исаков алардын тыянагын укмайынча, сотко катышпайм деп жатат. Бул анын конституциялык укугу.

Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоо иши боюнча ачык соттук отурум өтүп жатат. Сотто судья Инара Гилязетдинова төрагалык кылууда.

Буга чейинки отурумга айыпталуучу Сапар Исаков келген эмес. Ал эксперттер Хафизов менен Асанов суралгандан кийин гана көрсөтмө бере тургандыгын айткан. Себеби аты аталган эксперттер суралмайынча, Исаков көрсөтмө берүүдөн жана отурумга катышуудан баш тарткан.

1 пикир

1 пикир

  1. Токур

    28.10.2019 21:03

    Ким болбосун элдин акысын жедин и, элдин алдыда жооп беруу керек. Эмдикиге чейин эки жуздуу президенттин куйругунан калбай бийликке чуркагандар бар, ошолорго сабак болушу керек. Эне суту оозунан кете элек жаш балдар бийликке барганы мамлекеттин олгонду, Тепкич менен ишин корсотуп которулсо эл баалайт эмгеги, озуно жакшы иштеп кете алат. Айыл окмотту башкарып эле билими заочный, президенттик аппарата барып калган парашют стёр олкону олтуротот. Ротация кадр болушу керек, кыргыздар бир жылдан кийин кыныгын таап жей баштайт. Эл кордуго теледен аппак болуп суйлоп чыгат. Коп губернатор, акимдер ли билемин туугандары менен эмне иштерди жасап, эч нерсе болбогондо ажы болуп, пайгамбар адашкан деп коюп журушот. Адашкандарды кустуруш керек.

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM