Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Радиоактивдүү булганычтан экологияны сактоого өзгөчө маани беребиз

Кыска кабар | 26 Окт 2019 | 428 | 0

Баңги заттарын мыйзамсыз сатууга каршы туруу маселесин комплекстүү чечүү КМШ боюнча өнөктөш-мамлекеттер үчүн актуалдуу болуп саналат. Мындай пикирин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Сколково» инновациялык борборунда өткөн Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин чакан курамындагы жыйынында билдирди.

«2000-жылдын 30-ноябрындагы баңги заттарын, психотроптук заттарды жана  прекурстарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүдө  КМШга мүчө мамлекеттердин кызматташтыгы жөнүндөгү Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протоколго кол коюну кыргыз тарап колдойт», — деди Абылгазиев.

Өкмөт башчы КМШнын алкагында уран өндүрүшүнүн таасирине дуушар болгон территорияны рекультивациялоо боюнча Мамлекеттер аралык максаттуу программаны жүзөгө ашыруу боюнча да сүйлөп, дал ушул чөйрөгө колдоо көрсөткөн орусиялык жана казак тарапка ыраазычылык билдирди.

«Буга байланыштуу биз радиоактивдүү булганычтан айлана-чөйрөнү сактоо үчүн экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана жаратылыш чөйрөсүн калыбына келтирүү маселелерин өз учурунда чечүүгө өзгөчө маани беребиз«, — деди Абылгазиев.

Ошондой эле, премьер-министр КМШ өлкөлөрүнүн оюндарын өткөрүү тууралуу сөз кылып, бул демилге дене тарбияны жана спортту жайылтууга жакшы өбөлгө түзөт деп белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM