Биз менен байланышыңыз

Нена: Жаңы клибимде өзгөчөлүктөр көп

Кыска кабар | 25 Окт 2019 | 596 | 0

Шоу чөйрөсүндө өзүнүн ордун тапкан таланттуу ырчы Нена айым жаңы клип тарттырды. Бул тууралуу ырчы «Марал» радиосуна  берген  маегинде сөз кылды.

-«Сенин жаныңда»деген жаңы чыгармама клип тарттырдык. Клиптин  идеясы меники, ал эми сценарийин болсо сценарист Бакыт Турдубаев менен чогуу жазганбыз. Клип, албетте,  сүйүү темасына арналган. Ал эми максаты — жашоодогу жакшы көз ирмемдерди көрөрмандарыбызга тартуулоо болду. Ырдын сөзү  Азат уулу Акылбекке таандык болсо, обонун композитор Азамат Такырбашев жазган. Белгилей кетсек, башка клиптерге салыштырмалуу өзгөчөлүктөр көп. Мисалы, айрым  клиптерде 3-4 локация болсо, биздикинде 15 локация бар. Клипте экстремалдуу секирүүлөр, тик учак менен учуу, мото-жарышуулар камтылган. Ал эми финансы жагынан айтсам, клип тартууга көп каражат сарпталды.

Copyright © 2017 Maral FM