Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин Ош шаарындагы филиалынын курулушу бир айдын ичинде башталат. Бул боюнча кечээ Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков менен Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченконун жолугушуусунда айтылды.
Курулуш долбоордун видеосу коомчулукка жарыяланды.