Биз менен байланышыңыз

Москва университетинин филиалынын курулушу бир айдын ичинде башталат

Кыска кабар | 24 Окт 2019 | 750 | 0

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченкону кабыл алып, эки өлкөнүн билим берүү жаатындагы өз ара кызматташуу мамилелерин талкуулашты. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар Ош шаарында ачыла турган Москва мамлекеттик университетинин филиалынын иштөө шарттары, окуу жайдын имараты тууралуу жагдайларды сүйлөшүштү.

Министр Ломоносов университетинин курулушу баштала турган филиалынын архитектуралык долбоору менен тааныштырып, имараттын курулушу бир айдын ичинде башталаарын айтып, окуу жайда колдонмо математика жана информатика, геология, орус тили жана адабияты адистиктери боюнча студенттерди окутуу максаттуу экенин белгиледи.

Мындан сырткары Москва мамлекеттик университетинин аяктаган окутуучулар, илимий даражалуу адистердин реестери түзүлгөнүн кошумчалады.

Өз кезегинде Николай Удовиченко кыргызстандык студенттер үчүн Орусия университеттеринде берилип жаткан квотаны көбөйтүү керектигин айтып, студенттерди натыйжасы эффективдүү болгон факультеттерге багыттоого басым жасоону сунуштады.

Кыргызстанда Москва мамлекеттик университетинин филиалын ачуу жазында Бишкекте өткөн Орусиянын жана Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун форумунда макулдашылган.

 

Copyright © 2017 Maral FM