Биз менен байланышыңыз

Акаев ишкерлерди бизнес-ассоциацияларга биригүүгө чакырды

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Окт 2019 | 477 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев «Марал» радиосуна маек берип жатып ишкерлерди бизнес-ассоциация, уюмдарга биригүүгө чакырды.

Анын айтымында, уюмга мүчө ишкерге кылмыш дүйнөсү, органдар кысым көрсөтпөйт. Укуктук жактан да кеңештер берилип, ишкердин канаты жайылат.

«Алсак, JIA Бизнес Ассоциациясы уюмга мүчө ишкерлерин коргойт. Бизнесмендер ушундай уюмдарга мүчө болуп иштей бериши керек. Биз ишкерлерди Кыргызстандан көчүп кетүүгө үндөбөйбүз. Коңшу мамлекеттерге караганда бизде эркиндик, либералдуу мыйзамдар бар. Кандайдыр бир маселе болсо, эл коргойт, биз турабыз», — дейт Акаев.

Copyright © 2017 Maral FM