Биз менен байланышыңыз

Кувейт Кыргызстан менен мамилелерин тереңдетүүгө кызыкдар

Кыска кабар | 24 Окт 2019 | 538 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Кувейт Эмиринин кеңешчиси Абдулла Аль Маатукту кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы Кувейт тарапка ар түрдүү долбоорлорду ишке ашыруудагы көмөктөшүүсү жана өлкөнүн калкынын социалдык жактан аярлуу катмарын колдоо боюнча кайрымдуулук ишмердүүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Жээнбеков Кыргызстан Кувейт менен соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар экенин баса белгиледи.

Биргелешкен кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары катары аймактык өнүктүрүү, айыл чарба, санариптештирүү, социалдык объектилерди куруу жана туризм тармактарын атады.

Кувейт Эмиринин кеңешчиси Абдулла Аль Маатук мамлекет башчысына жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле Кыргызстан менен эки тараптуу мамилелерди тереңдетүүгө кызыкдар экенин баса белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM