Биз менен байланышыңыз

Алыбаев: Балдар мектепке барбай, компьютердик борборлордон чыкпай калды

Кыска кабар | 24 Окт 2019 | 525 | 0
«Компьютердик оюндар социалдык көйгөйгө айланууда. Көптөгөн жаш балдар мектепке барбай, компьютердик борборлордон чыкпай калды. Ата-энелер ошондой борборлорго тийиштүү чараларды көрүү өтүнүчү менен кайрылып жатат. Өкмөт дагы, жалпы коомчулук дагы муну эске алышы керек.» Мындай пикирин депутат Орозбек Алыбаев Жогорку Кеңеш жыйынында билдирди.
Орозбек Алыбаев  билдиргендей, компьютердик оюндарга балдар эле эмес, чоң адамдар да азыргылууда.
«Андай борборлорду жаба албасак дагы, аларды калк арасында рекламалоого тыюуу салуу зарыл. Аларды азыртан андай азгырыктан арылтпасак, жаш муунду бузуп алабыз», — деп кошумчалады эл өкүлү.

Copyright © 2017 Maral FM