Биз менен байланышыңыз

Маматалиев: Азыркы темп менен иштей турган болсо, кадр кызматынын кереги жок

Кыска кабар , Пикирлер | 23 Окт 2019 | 582 | 0

Учурда мурдагы президент жана өкмөт башчылардын коррупцияга шектелип абакта отуруусу — мамлекетке көлөкө түшүргөн терс көрүнүш. Мындан улам кадрларды даярдоо, тандоо системасын кайра карап чыгуу керек. Бул тууралуу экс-вице-премьер министр Абдрахман Маматалиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын баамында, Мамлекеттик кадр кызматы саясий жана адмнистративдик кызматка сунуштоодо негизги демилгечи болушу керек.

Азыркы темп менен иштей турган болсо, кадр кызматынын кереги жок. Анткени көпчүлүк учурда негизги маселелерди министр чечип, статс-катчылардын сунушу өтпөй калууда. Андыктан кадр кызматынын ишмердигин башка нукка салуу керек.

«Мындан сырткары,  «кадр кызматынын талабы менен чоң жетекчи жумуштан кетиптир»  деген нерсени уга элекпиз. Аталган кызматтын пикири чечүүчү ролду ойношу керек. Тилекке каршы, андай эмес. Керек болсо, СССР убагындагы эл аралык кадр тандоо системаларын билген жана мамлекеттик менталитетти түшүнгөн тажрыйбалуу жетекчи келиши керек», — дейт Маматалиев.

Ал кошумчалагандай, кадр кызматынын өкмөт аркылуу өткөргөн мыйзамдары жеткиликтүү иштелип чыккан эмес. Аларды ишке ашыруу механизмдери такыр жок.

Copyright © 2017 Maral FM