Биз менен байланышыңыз

Икрамжан Илмиянов: Мага тагылган айыптарды моюнума албайм

Кыска кабар | 23 Окт 2019 | 1792 | 1

Атамбаевдин “шоопуру”, президенттин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмиянов өзүнө тагылган айыптардын бирин да мойнуна албайт. Бул тууралуу ал бүгүнкү соттук териштирүүдө айтты.

Бүгүн Бишкектин Октябрь райондук сотунда өтүп жаткан сот отурумунда Илмиянов сурак берип, көрсөтмң берген 40 күбөнүн ичинен болгону партиялашы Чыныбек Анарбек уулун гана тааный турганын айтты.

Мага тагылган айыптардын баарын четке кагам. Мен айыптуу эмесмин. Мага тагылган айыптардын бирин да эч качан мойнума албайм. Сотто көрсөтмө беришкен күбөлөрдүн бирин да тааныбайм, алар да мени таанышпайт. Бир гана Чыныбек Анарбек уулун тааныдым. Аны да партиялаш катары эле билем. Ал Кыргызстан социал-демократтар партиясынын штабында иштеген”, — деди Икрамжан Илмиянов.

Ал ошондой эле, беларуссиялык фирма тууралуу кылмыш иштин материалы аркылуу гана билгенин кошумчалады.

Икрамжан Илмиянов 2017-жылдагы президенттик шайлоодо демөөрчүлүк жардам катары “Дизель комплект” ишканасынан 150 миң доллар алган деп айыпталууда.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал “БелАЗ” үлгүсүндөгү 12 даана унаасы камакка алынган белоруссиялык «Дизель комплект» компаниясына 150 миң доллар суммадагы каражатка жардам көрсөткөн.

Бул компаниянын жетекчиси — Беларусь Республикасынын жараны Николай Грамович. Учурда ал жабырлануучу катары сотко катышууда.

Илмиянов 2018-жылдын октябрь айында камакка алынган болчу. Аны жоопкерчиликке тартуу тууралуу арызды 2018-жылдын сентябрь айында “Дизель комплект” компаниясынын башкаруучусу Асел Чымырбаева жазган. Учурда ал — күбө.

1 пикир

1 пикир

  1. Токур

    23.10.2019 20:21

    Корупция менен курошуудо чечкиндуу кадам жок, кыргызстандагы корупционерлер эч убакта айыбын мойнуна албагандар, эл козуно таза болуп коруно беришет. Баарынын тазалаш керек. Сталин керек болуп турат. Бийликке, депутаттыка ойлонуп бара турган болуш керек, бул иш колумдан келеби, аткара адамбы деген жоопкерчилик болушу керек, президентке брокер болбой.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM