Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Япониянын парламентарийлери менен эки тараптуу кызматташууну талкуулады

Кыска кабар | 22 Окт 2019 | 451 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-октябрда, Японияга иш сапарынын алкагында Токио шаарында лидери Гэн Накатани жетектеген «Кыргызстан-Япония» парламенттик достук лигасынын мүчөлөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Жээнбеков Япониянын тарыхый окуясы — Император Нарухитонун такка отуруу аземине катышуу ал үчүн сыймык экендигин, байыркы япон салттарынын сакталып келиши ага чоң таасир калтырганын баса белгиледи.

«Япония бизге түрдүү социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга сезилээрлик жардам берүүдө. Ошондой эле Кыргызстандагы парламентаризмди бекемдөөгө көмөгүн белгилеп кетким келет», — деди мамлекет башчысы.

«Кыргызстан-Япония» парламенттик достук лигасынын мүчөлөрү президентке Япония императору Нарухитонун такка отуруу аземине катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдиришти.

«Сиздин визит жана аземге катышууңуз — Кыргызстан элинин жана жеке сиздин биздин өлкөгө болгон өзгөчө мамилеңиздин далили», — деп белгилешти Япониянын парламентарийлери.

Мунун алдында эле Президент Сооронбай Жээнбеков «NHK» япон телеканалына кыргыз-япон кызматташтыгын кеңейтүүнүн маанилүүлүгү тууралуу айтканын канааттануу менен белгилешти.

«Кыргызстан чоң туристтик потенциалга ээ. Сиздердин жаратылыш абдан кооз, абасы, суусу таза. Суу-энергетикалык ресурстардын чоң запастары бар. Булардын баары Кыргызстан үчүн баа жеткис байлык», — деп белгилешти «Кыргызстан-Япония» парламенттик достук лигасынын мүчөлөрү.

Алар ошондой эле экологиялык жактан таза азыктардын жана ошону менен бирге кыргыз балынын артыкчылыктарын белгилеп, Сооронбай Жээнбековго япон дүкөнүнөн алынган Кыргызстандын балын тартуулашты.

Copyright © 2017 Maral FM