Биз менен байланышыңыз

Төрөбаев: Өкмөт отставкага кетиши керек

Кыска кабар | 22 Окт 2019 | 799 | 0

Өкмөт отставкага кетиши керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев өзүнүн «Фейсбук» баракчасына жарыялады.

«Бүгүн комитетте Кыргызстандын 2020-жылга республикалык бюджетин талкууламакпыз. Бирок, 2018-жылдын бюджети аткарылган жок. 2019-жылдын бюджетинин деле аткарылышы жакшы эмес. Кирешени көлөмү азайды деп, Өкмөт Салык, Бажы кызматтарынын жетекчилерин жумуштан алды. Жоопкерчилик кайда?«,- деп билдирген эл өкүлү.

Ошондой эле, Бакыт Төрөбаев бюджетти аткара албаган учурда Өкмөттү отсавкага кетирүү нормасын депутаттар мыйзам аркылуу киргизүүнү пландап жатканын кошумчалаган.

Copyright © 2017 Maral FM