Биз менен байланышыңыз

Президент Япониядагы мекендештерге: Кыргызстанга кайтып келесиздер деп ишенем

Кыска кабар | 22 Окт 2019 | 752 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-октябрда, Японияга иш сапарынын алкагында мекендештери менен Токио шаарында жолугушту. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы кийин Кыргызстанда колдонуу үчүн Япониянын эң жакшы жактарын үйрөнүүгө умтулган мекендештери менен жолугушуп жатканына кубанычта экенин канааттануу менен белгиледи.

«Мени биздин жаштардын Япониянын алдыңкы технологияларын, япон тилин, тарыхын жана маданиятын изилдеп жатканы кубандырууда. Япониянын технологиялык жетишкендиктерин колдонуу, илим, билим берүү жана башкаруу тармактарында ийгиликтүү тажырыйбаны өздөштүрүү Кыргызстандын келечеги үчүн абдан маанилүү», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Жолугушууда Кыргызстанды өнүктүрүү, жарандардын бул процесске катышуусу, улуттук экономикадагы кичи жана орто ишкердиктин орду жана башка маселелер боюнча пикир алышуу болду.

Сооронбай Жээнбеков мекендештер мекенине кайтып келгенден кийин алган билимин, тажрыйбасын мамлекеттик органдардын ишмердигин жана мамлекеттик башкаруу системасын жакшыртууга колдонот деген ишенимин билдирди.

Эске салсак, Япония Кыргызстанга эгемендүүлүк алгандан бери көрсөткөн жалпы жардамдын суммасы 1 млрд. доллардан ашуун каражатты түзгө, бөлүнгөн каражаттарынын жарымы грант түрүндө болгон.

Copyright © 2017 Maral FM