Биз менен байланышыңыз

Бишкекте Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги алмаштырылат

Кыска кабар | 22 Окт 2019 | 621 | 0

2017-жылы Бишкектин Чүй жана Тыныстанов көчөсүндө орнотулган ССРдин Эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги алмаштырылат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.

«Сүймөнкул Чокморов» атындагы коомдук фонд мурда орнотулган эстеликти алуу ишине 20-октябрда киришип, 17-ноябрга – Кыргыз кино күнүнө карата бүткөрүлмөкчү.

Мурда орнотулган эстелик скульптор Алмаз Кожогелдиевдин эмгеги болгон. Ал эстеликке карата бир катар сын айтылгандыктан, аны алмаштыруу чечими кабыл алынган.

Ал эми жаңы жасалган эстеликти скульптор Азамат Абдрахманов жана архитектор Нурсейин Мамбетказиевдер жасаган.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM