Биз менен байланышыңыз

Президент: Чокморовдун чоң бир адамдын өмүрүнө сыйбай турган эмгеги унутулбайт

Кыска кабар | 15 Ноя 2019 | 764 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн залкар киноактер, мыкты сүрөткер Сүймөнкул Чокморовдун 80жылдык маарекесине катышты.

Жеринен кабарчыбыз билдиргендей, иш-чарада сөз сүйлөгөн өлкө башчысы залкар тууралуу айтып жатып:

— Турмушта жашоо-өмүрү кыска болсо да, элдин эсинде өмүрү узун, мекен үчүн өтө чоң бир адамдын өмүрүнө сыйбай турган эмгек өтөгөн инсандар унутулбайт, — деди.

Президент ошондой эле, Чокморовдун катышкан кино тасмалары элибиздин кары-жашына улуу-кичүүсүнө карабай, бардык көрүүчүлөргө жаккан, сүйүктүү чыгармаларына айланганын билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM