Биз менен байланышыңыз

Футбол: Кыргызстан – Япония беттеши күйөрмансыз өтүп калабы?

Кыска кабар , Спорт | 22 Окт 2019 | 4277 | 1

Кыргызстандын улуттук курамасы менен Япония беттеши күйөрмансыз өтүп калышы ыктымал. Мындай кооптонууну Кыргызстандын футбол федерациясынын президенти Канатбек Маматов “Маралга” билдирди. Анын айтымында, 4-ноябрда Бүткүл дүйнөлүк футбол уюмунун (ФИФА) тартип комитети бул маселени карап, өз жыйынтыгын чыгарат.

Ал маселени ФИФАнын тартип комитети 4-ноябрда карашат. Алар кандай чечим чыгарат белгисиз. Бирок 20 миңден 30 миң долларга чейин айып пул салат деген божомол бар. Анткени буга чейин тандоо турунда Австралия менен беттеште да дал ушундай окуя болгондо Кыргызстандын футбол федерациясы 28 миң доллар айып төлөгөн. ФИФА мындай учурда эч качан кечирбейт. Керек болсо Япония менен беттешти күйөрмансыз өткөрүп коё турган чечим да чыгарып коюшу ыктымал”, — деди Канатбек Мамтов.

Эске сала кетсек, 2022-дүйнө чемпионатына тандоо турунда 10-октябрда Кыргызстандын курамасы Мьянманы кабыл алып, 7:0 эсебинде уткан.

Беттештин акыркы мүнөттөрүндө бир күйөрман футбол талаасына чыгып кеткен.

1 пикир

1 пикир

  1. Альфа

    23.10.2019 01:12

    Штраф салганы жакшы , биздин маданиятсыз жапайылар эсине келет , футболду кандай корушту уйронушсун

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM