Биз менен байланышыңыз

Бакиров: Мөөнөтүнөн мурда шайлоо болушуна муктаждык жок

Кыска кабар , Пикирлер | 21 Окт 2019 | 488 | 0

Мөөнөтүнөн мурда шайлоо болушуна муктаждык же саясий кризис жок. Анткени ар бир бийлик бутагы ыйгарым укугуна ылайык жумушун алып барууда. Мындай пикирди Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, билинбегени менен бир топ социалдык маселелер чечилүүдө. Бирок өкмөт чек ара маселесинде аксап турат. Мындан сырткары ата мекендик өндүрүштү колдой албай жатат.

«Базарды чет өлкөдөн келген товарлар ээлеп алды. Сыртка 700-800 миңдеген тонна алтын кошулмасы бар концентраттар ташылууда. Аны тартипке салып, баалуу металлдарды бөлүштүрсөк, салык түшөт, жумушчу орун пайда болуп, тоо кен тармагы өнүгөт», — дейт Бакиров.

Copyright © 2017 Maral FM