Биз менен байланышыңыз

“Китеп-билим булагы” долбоорунун алкагында окуучуларынын арасында сынак өткөрүлдү

Кыска кабар | 21 Окт 2019 | 921 | 0

Мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата Бишкек шаардык кеңешинин “Мекеним-Кыргызстан” фракциясынын депуттаты Аскарбек Күрүчбековдун демилгеси менен “Китеп-билим булагы” долбоорунун алкагында Ленин районундагы жалпы билим берүү уюмдарынын окутуу кыргыз, орус тилинде жүргүзүлгөн мектептеринин окуучуларынын арасында сынак өткөрүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин маалымат кызматы билдирди.

Сынак окуучуларды китеп окууга чакыруу, чыгарманын ар бир деталына көңүл бурууга багыттоо, дил баян жазууда теманы ачып, граматикалык жактан катасы жок жазууга үндөө, логикалык ой жүгүртүүгө түрткү берүү максатында уюштурулган.

Дил баяндын темалары:
6-класстар үчүн “Мекеним Кыргызстан менин кыялымда”.
7-класстар үчүн “Адам үчүн эң кыйыны күн сайын адам болуу (Ч.Айтматов)”.
8-класстар үчүн “Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот (И.Разаков)”
9-11-класстар Т.Касымбеков “Сынган кылыч” романын окуусу зарыл, тапшырмалар ушул романдын негизинде түзүлгөн.

Сынактын жыйынтыгы боюнча белектер 6-7-8-класстар арасында 3 велосипед, 3 гидроскутер, 3 фитнес саат жана 9-11 класстарга 1-орун ноутбук, 2-орун велосипед, 3-орун гидроскутер берилди.

Copyright © 2017 Maral FM