Биз менен байланышыңыз

IDA Кыргызстандагы 1200 мектепке 50 млн доллар бөлөт

Кыска кабар | 9 Июл 2020 | 590 | 0

Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (IDA) 1200 мектепти  IT платформалар, санариптик китепканалар, мультимедиа класстары жана компьютердик жабдуулар менен камсыз кылуу үчүн Кыргызстанга 50 млн доллар өлчөмүндө каражат бөлөт. Ошондой эле бул акча менен 500 жаңы мектепке чейинки билим берүү уюмдарын түзүү жана жабдуулар менен камсыздоо пландаштырылууда.

Аталган каржылоо «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун негизинде каржыланат. Тиешелүү келишимди ратификациялоо боюнча мыйзамга президент Сооронбай Жээнбеков 6-июлда кол койгон.

Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын билим берүү тармагын өнүктүрүүгө бөлгөн 50 миллион доллар жардамын 25 миллионун насыя жана калган 25 миллионун грант түрундө берет.

Насыя каражаттары аталган уюм тарабынан 38 жылга берилет, анын ичинен 6 жылы жылдык пайызы 0,75 % үстөк менен.

Copyright © 2017 Maral FM