Биз менен байланышыңыз

Чүй: Кеминдин Бейшеке айылына таза суу чыгарылды

Кыска кабар | 14 Дек 2021 | 415 | 0

Кемин районунун Бейшеке айылына таза суу жеткирген система курулду. Бул тууралуу Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Айылга суу чыгаруу «Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү» долбоорунун алкагында Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен ишке ашырылган.

Таза суу чыгарууга жалпысынан 29 млн 443 миң 909 сом жумшалган. Жаңы система мурункусунан айырмаланып, сууну жер астынан соруп алат.

Бейшеке айылына таза суу кууру өткөн кылымдын 60-жылдарында тартылып келинген. Бирок булактар соолуп калып, арыктан ташып ичүүгө өтүшкөн.

 

Copyright © 2017 Maral FM