Биз менен байланышыңыз

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кодексти иштеп чыгуу боюнча атайын топ түзүлдү

Кыска кабар | 9 Июл 2019 | 682 | 0

Өкмөт жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кодекстин долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түздү. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Буга байланышкан Өкмөттүн буйругу 28-июнда чыккан.

Жумушчу топко ушул жылдын 31-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун Кодексинин долбоорун иштеп чыгып, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигине сунуштоо тапшырмасы берилди.

Ал эми Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигине 2020-жылдын 1-апрелине чейин аталган Кодекстин долбоорун белгиленген тартипте Өкмөттүн кароосуна киргизүү тапшырылды.

Иштиктүү топту биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жетектейт. Анын курамына Жогорку Кеңештин депутаттары, тиешелүү министрлик-агенттиктерден, мамлекеттик кызматтардын, президенттин, Өкмөттүк Аппараттын жооптуу кызматкерлери, Бишкек шаарынын мэри, Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчисинини орун басары, көз карандысыз эксперттер киргизилген.

Copyright © 2017 Maral FM