Биз менен байланышыңыз

Бишкекте «Аймактарга таза суу» форуму өтөт

Кыска кабар | 23 мая 2019 | 489 | 0

Бүгүн Бишкекте «Аймактарга таза суу» аталышындагы форум өтөт. Ага өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун да катышуусу күтүлүүдө.

Жеринен кабарчыбыз билдиргендей, форумда долбоор боюнча макулдашууга кол коюлат. Ага ылайык өлкөнүн 4 муниципалдык аймагындагы 80 миңден ашуун эл таза, ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыз болот. Алар: Мырзаке, Куршаб, Дөң-Булак айыл аймактары жана Жалал-Абад шаары муниципалдык башкармалыктары.

Долбоордо Европа өнүктүрүү банкы 15 жылдык мөөнөт менен насыя түрүндө 2 миллион евро жана Европа Союзу гранттык негизде 3 миллион евро каражат бөлөт.

Бул каражаттар суу менен камсыздоо системиндеги маанилүү жаңылоолорго каралган. Маселен: суу түтүктөрүнүн тармактарын жакшыртуу, сууну өлчөөчү эсептегичтерди орнотуу жана техникалык жабдыктарды сатып алууга жумшалат.

Европа өнүктүрүү Банкы бүгүнкү күндө Кыргызстандын экономикасына салган инвестициясынын көлөмү 744 миллион еврого жетти. Анын көпчүлүгү жеке ишкердикти колдоого багытталган.

Copyright © 2017 Maral FM